Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 00:20
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

УКМК "Наваттын" тең ээси Сергей Острецов боюнча түшүндүрмө берди

20.01.2021 18:47
781
УКМК  "Наваттын" тең ээси Сергей Острецов  боюнча түшүндүрмө берди

УКМК Бишкектеги "Нават" ресторандар түйүнүнүн тең ээси Сергей Острецовдун камакка алынганы тууралуу маалыматтарга комментарий берди. 


 "Острецовдун басым көрсөтүү жана ал ээлик кылган компаниялардагы үлүштөрдү тартып алуу максатында кармалды деген кабарлар жалган",- деп айтылат билдирүүдө.


Ошол эле учурда УКМК 2009-жылдан бери күрөөканага жамынып мыйзамсыз банк ишмердигин жүргүзүү жана чоң өлчөмдө салыкты төлөөдөн качуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө жүрүп жатканын ырастаган.


Күрөөканалар аркылуу кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштырууга адамдар тобунун катышы бар-жогу да текшерилип жатканын кабарлады. Тергөөгө байланыштуу маалымат ачык айтылбай турганын кошумчалаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн