Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 04:22
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

УКМК: 30 миң сом пара талап кылган ИИМ кызматкери кармалды

УКМК: 30 миң сом пара талап кылган ИИМ кызматкери кармалды

2020-жылдын 9-ноябрында КР УКМК ККК ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 30 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жатканда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкери А.Б. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кабарлады. 


Кармалган адам жакын тууганына карата кылмыш ишин токтотуу үчүн арыз ээсинен 1000 АКШ долларын талап кылгандыгы аныкталды.


Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүрүп жатат.


Кармалган адам Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн