Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 19:17
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

УКМК 4600 доллар жасалма акча жасаган жаранды кармады

14.10.2021 15:07
1105
УКМК 4600 доллар жасалма акча жасаган жаранды кармады


 УКМК КР жазык кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи пункту (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталган сотко чейинки өндүрштүн алкагында “А.К.” аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Тактап айтканда, 2021-жылдын 13-октябрында “А.К.” кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, “А.К.” өз ыктыяры менен номиналдык 100 доллар болгон 4600 АКШ доллар өлчөмүндөгү накталай акча каражаттарын берген.


 Бул материалдар боюнча соттук-техникалык экспертиза дайындалды.

Кармалган жаран КР жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Азыркы учурда бардык жагдайларды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча керектүү чаралар көрүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн