Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:58
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

УКМК 9-майда "Өлбөс полкко" "Z" белгилүү кийим кийип чыкпоону эскертти

21.04.2022 15:56
493
УКМК 9-майда "Өлбөс полкко" "Z" белгилүү кийим кийип чыкпоону эскертти

Социалдык тармактарда 9-май Улуу Ата-Мекендик жеңиш күнүнө карата костюмдарды ижарага берүү мекемелери “Z” символикасы бар аскердик кийимдердин жана костюмдардын жарнамаларын таратып, коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткандыгына байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдү билдирет:

   

 Мекемелерди улуттар аралык кастыкты козутууга байланыштуу “Z” символикасы бар аскердик кийимдерди ижарага бербөөгө жана шаар тургундарын 9-май Улуу Ата-Мекендик жеңиш күнүнө карата өтө турган “Өлбөс полк” жүрүшүнө аталган аскердик кийимдерди кийип чыкпоого чакырат.


 УКМК Улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралганын эскертет.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн