Бугу 09, 2024
Убакыт: 04:36
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

УКМК 9 жаштагы кызга жардам көрсөттү

22.12.2020 10:49
822
УКМК 9 жаштагы кызга жардам көрсөттү

Кечээ, 21-декабрда Кемин районунун 9 жаштагы тургунунун кайрылуусуна жооп иретинде алдын-ала текшерүү иш-чараларын жүргүзүлдү.. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз ккызматы билдирди.


Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен УКМКнын кызматкерлери Кеминге жөнөштү. Алар кыздын үй-бүлөсү беш адамдан турарын жана чындыгында материалдык жардамга муктаж экендигин аныкташты.


“Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен үй-бүлөгө керектүү азык-түлүктөр, жаңы жылдык белектер жана балдар үчүн кеңсе буюмдары берилди”, – деп айтылат маалыматта.


Шакировдордун үй-бүлөсү көрсөтүлгөн жардам үчүн Ташиевге жеке ыраазычылыгын билдиришти жана маселенин “объективдүү жана акыйкат” чечилерине ишеним билдиришти.


“Ошондой эле, кыздын кайрылуусунда айтылган бардык жагдайларды изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлгөнү маалымдалды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, тиешелүү баа берилет”, – деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, 9-жашар кыз Камчыбек Ташиевге кайрылып, мугалим апасын мектептин директору кордой турганын айтып, жардам сураган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн