Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:43
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

УКМК АКШнын Кыргызстанга каршы мүмкүн болгон санкциялары тууралуу билдирүүгө комментарий берди

20.07.2023 10:53
403
УКМК АКШнын Кыргызстанга каршы мүмкүн болгон санкциялары тууралуу билдирүүгө комментарий берди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети АКШнын Кыргызстанга каршы мүмкүн болгон санкциялары тууралуу билдирүүгө комментарий берди.

Атаыйын кызматтын маалыматына караганда, Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстанга карата “Россияга санкцияланган товарларды жеткирүүнү токтотуу үчүн” мүмкүн болгон экономикалык чаралар көрүлүшү тууралуу маалыматына байланыштуу КР УКМК коомчулукка төмөндөгүлөр жөнүндө маалымат берүүнү зарыл деп эсептейт:

АКШ жана батыш өлкөлөрү Орусияга каршы киргизген санкциялык чектөөлөрдү сактоо режимин бузууга кыргыз мамлекетинин өзү да, эч кандай мамлекеттик түзүмдөр менен компаниялардын тиешеси жок экенин айтууга болот.

Кыргыз Республикасынын УКМК буга жеке компаниялар менен фирмалардын өздөрүнүн ишкердик жана өндүрүштүк ишмердигинин алкагында алар камсыз кылган продуктылардын акыркы керектөөчүсү жана колдонуучусу ким экенин билбестен санкциялык чектөөлөрдү бузууга катыш болуп калышы мүмкүн экендигин белгилейт.

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан тиешелүү чараларды көрүү үчүн мындай иш-аракеттерди жана бул нерсеге тиешеси бар болгон жеке компаниялар менен фирмаларды аныктоого жана токтотууга багытталган тиешелүү иликтөө жана тергөө иштери башталды.

Кыргыз Республикасы жана анын мамлекеттик түзүмдөрү тиешелүү эл аралык нормаларды жана эрежелерди так сактоодо.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн