Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:05
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК Абылгазиевдин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

27.01.2021 09:10
8079
УКМК Абылгазиевдин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

Коррупциялык иштерге бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин мыйзамсыз байыганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


"Абылгазиев премьер-министр болуп турганда, мамлекеттин жана республиканын жарандарынын кызыкчылыгына каршы, негизсиз жана улуттук мыйзамдарды бузуп, өкмөттүн токтомуна кол койгону, ага ылайык, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКка геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жана алтын казуу үчүн аймактар ​​кошумча берилген. Натыйжада, кендин жалпы аянты, анын ичинде бир нече мөңгүлөр жана корголуучу аймак эки эседен ашык көбөйүп, 26,3 миң гектарды түздү. 


УКМК белгилегендей, буга чейин уникалдуу  жаратылыш комплекстерин, биологиялык, ландшафттык ар түрдүүлүгүн жана флора менен фаунанын түрлөрүн сактоо максатында аталган кендин аянтын кеңейтүүгө тыюу салган өкмөттүн токтому болгон. Бул аймактарды өздөштүрүү Ысык-Көлдүн биосфералык аймагынын фаунасы жана флорасы үчүн экологиялык оор кесепеттерге алып келет, ошондой эле өлкөнүн гидроэнергетикалык тутумун бузушу мүмкүн.


Мындан тышкары, Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз түрдө өзүнүн мүлкүн көбөйтүп, расмий кирешесинен бир нече эсе ашып кеткен. Аларды легалдаштыруу максатында Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объектилерине ээ болгон, ошондой эле көп батирлүү элиталык үйлөрдү курууга каржылык инвестицияларды жасаган. Кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн, бул мүлк жакындарынын атына катталган", - деп билдирди УКМК.


Сотко чейинки процесстин алкагында, Абылгазиев 26-январда, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренеси менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Канат
Соцфондо тургандагы кезинде да эмне кылып иштегени тууралуу да маалымат жуктонуздор