Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:38
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК Афганистанга күйүүчү май экспорттолуп жатат деген маалыматты четке какты

16.12.2021 15:31
647
УКМК Афганистанга күйүүчү май экспорттолуп жатат деген маалыматты четке какты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымат агенттиктеринде жарыяланган “Афганистан Ислам Республикасына Кыргызстандан мунайзаттар импорттолуп жатат” деген маалымат чындыкка дал келбей турганын маалымдайт.

2021-жылдын 16-декабрына карата КР министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жарандарды, автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүүгө убактылуу токтотулган.

Ошондой эле КР министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, мунай жана мунай заттарын ЕАЭБдин чегинен тышкары экспорттоо убактылуу токтотулган.

"Мунай жана мунай зат продукциялары Кыргыз Республикасынан сыртка ташылып чыгарылып жатат деген маалымат жалган", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн