Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

УКМК: “Акиф” эт базарынын негиздөөчүсү жана директору кармалды

14.02.2024 12:59
127
УКМК: “Акиф” эт базарынын негиздөөчүсү жана директору  кармалды


УКМК тарабынан Ош базарынын аймагындагы «Фирма Акиф» ЖЧКсынын эт базарында ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, «Акиф Фирма» ЖЧКсы кош бухгалтердик эсепти түзүп, соода жайларын жана орундарын ижарага берүү үчүн чогултулган каражаттар тийиштүү түрдө документтештирилбей, финансылык документтерде эсепке алынбастан төлөм жүргүзүлгөн. Ошол эле учурда базар жетекчилери күн сайын ижарачылардан 100 миң сомго жакын акча чогултуп, бирок жеке баюу жана салык төлөөдөн качуу максатында каржылык отчеттордо алынган пайданын көлөмүн 90%га чейин кем баалашкан.


Ошондой эле, «Акиф Фирма» ЖЧКсынын жетекчилери алдамчылык аракеттери менен өзгөчө ири өлчөмдө жабырлануучунун мүлкүн тартып алганы аныкталган.


Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 2024- жылдын 14-февралында төмөндөгү жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди:

1. 1965-жылы туулган Ф.С.В., «Акиф Фирма» ЖЧКсынын негиздөөчүсү.

2. 1973-жылы туулган К.Н.А., «Акиф Фирма» ЖЧКсынын башкаруучу директору.


Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети соода базарлары тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузууга, ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн мыйзамсыз тоскоолдуктарды жана туура эмес шарттарды түзүүгө жол берилбестигин эскертет. Эгерде мыйзамсыз иш-аракеттер аныкталса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн