Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 08:10
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

УКМК: Аламүдүн районунун прокурору жана анын орун басары кармалды

УКМК: Аламүдүн районунун прокурору жана анын орун басары кармалды

Пара алуу фактысы боюнча Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору жана анын орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына Аламүдүн районунун прокуратурасындагы туруктуу түрдө пара алуу фактылары тууралуу маалымат түшкөн.

“Аталган райондогу укук коргоо органдары тарабынан мыйзамдын сакталышына көзөмөл жүргүзгөн Аламүдүн районунун прокуратурасынын жетекчилиги, өздөрү көзөмөл кылган тергөө бөлүмдөр менен сүйлөшүп алып, кылмыш иштери боюнча өтүп жаткан адамдарга тигил же бул чечим чыгарып берүү үчүн туруктуу түрдө пара алып жүргөнү аныкталды. 11-ноябрь күнү Башкы прокуратуранын өздүк коопсуздук жана кызматтык иликтөөлөр бөлүмү менен бирге жүргүзүлгөн ыкам-тергөө иштеринин жүрүшүндө Аламүдүн районунун “С.Э.А.” аттуу прокурору жана анын “М.А.С.” аттуу орун басары кармалды, - деп жазылган билдирүүдө. 

Кылмыш иши боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталып, кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн