Алмазбек Атамбаевдин абалы азыр туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда саясатчынын абалы жакшырып, турукташып калган. Аны дарыгерлер көзөмөлдөшүүдө.
Бүгүн, 23-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда 2019-жылы 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында орун алган чуулгандуу окуя боюнча соттук отурум жүрүп жатканда Атамбаев өзүн жаман сезип, отурум токтотулган болчу. Анын кан басымы түшүп кеткени айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн