УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызмат адамдарынын тобу түзүлүп, алар мыйзамсыз түрдө материалдык жана башка артыкчылыктарды алуу максатында Социалдык фонддун аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан акча каражаттарын тутумдуу негизде мажбурлап чогулткан фактыны аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Иликтөөнүн натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Соцфонддун аппарат жетекчиси "А.Б" кармалган. Ал өзүнүн координаторлору аркылуу ар бир аймактык жетекчилерден ири өлчөмдө пара талап кылганы аныкталды.
Козголгон кылмыш ишинин негизинде "А.Б" УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген.
Бул кылмыш иши бонча иликтөөлөр жүрүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн