Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

УКМК Балыкчы ШИИБ башчысы Бектур Осмонбаевге издөө жарыялады

27.01.2024 15:37
220
УКМК Балыкчы ШИИБ башчысы Бектур Осмонбаевге издөө жарыялады


УКМК Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Осмонбаев Бектур Казаковичке издөө жарыялады.


УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 2024-жылдын 26-январында Балыкчы ШИИБнин кызматтык унаасынын катышуусундагы жол кырсыгынан кийин шаардык прокуратура тарабынан кылмышка шектүү катары Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. Ишти тергөө УКМКга өткөрүлүп берилди.


ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бектур Осмонбаев жана анын бир тууган агасы жумуштан бошотулган.


УКМК издөөдө жүргөн Осмонбаев Б.К.нын жүргөн жери тууралуу маалымат болсо УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148а дареги боюнча же 0(3922) 51180 же 0(555) 540052 телефондору аркылуу кайрылууну өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн