Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 23:09
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК: Баткендик тургундар Тажикстанда барымтага алынган эмес

22.02.2021 14:22
681
УКМК: Баткендик тургундар Тажикстанда барымтага алынган эмес

Социалдык тармактарда тажик күч түзүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын кармалышы жана алардын барымтага алынышы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт, ал маалымат фейк.


Бул тууралуу УКМК төмөнкүлөрдү билдирди.


"УКМК Чек ара кызматы 2021-жылдын 16-февралында Кыргыз өлкөсүнүн 5 жараны Тажикстандын аймагында мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн кармалгандыгын маалымдайт.


Такталгандай, Кыргыз өлкөсүнүн беш жараны Тажикстандын аймагынан мыйзамсыз түрдө 900 килограмм металл, 2 баш бодо мал жана 3 баш майда малдарды ташып кетүүгө аракет кылып жатып, Тажикстандын күч түзүмдөрү тарабынан мыйзамсыз өтүп жаткан учурунда кармалган.


Бул жарандарга карата Тажикстандын күч түзүмдөрү тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат. Учурда бул жарандарды мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесиндеги абал азырынча туруктуу деп мүнөздөөгө болот", - деп айтылат мекеменин маалыматында.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн