Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 23:23
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бажы органдарында коррупция фактылары аныкталды, - УКМК

17.10.2020 15:55
2444
Бажы органдарында коррупция фактылары аныкталды, - УКМК


Бүгүн, 17-октябрда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын материалдарынын негизинде Бажы органдарындагы коррупция фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 2016-жылдан баштап Мамлекеттик бажы кызматынын системасында төраганын мурунку орун басары Р.Матраимов, башка кызматтык адамдар жана ошондой эле сырткы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн көзөмөлдөгү катышуучулар тарабынан, бажылык башкарууда көмүскө киреше табуу максатындагы коррупциялык схема жолго коюлган. Анын натыйжасында Мамлекеттик бюджетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.


Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын жогоруда көрсөтүлгөн убактагы ишмердүүлүгүн текшерип, мамлекетке келтирилген чыгымды эсептөө жана схемага тиешеси бар адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу багытындагы тиешелүү ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.




Теги

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Уларбек
Окмоттун укуругу узун кармагыла аныктагыла кустургула
Колдонуучу
Ийгилик, жегендерди кустургула, бюджетти толтургула.
Алтынбек дилмуратов
Бажынын катардагы адамдары менен баарын жаңылаш керек и күстуруп камаш керек.