Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 02:27
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

УКМК: Бейбаштык кол салуудан улам УКМКнын кызматкери каза болду

УКМК: Бейбаштык кол салуудан улам УКМКнын кызматкери каза болду


2021-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын УКМК кызматкерине топтолгон жаш балдар тарабынан жасалган бейбаштыктын натыйжасында, КР УКМК Ош шаардык жана Ош областык башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери каза болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

 

"Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 4-бөлүмү “Бейбаштык менен өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголуп, адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды.

 

Кыргыз Республикасынын УКМК каза болгон Улуттук коопсуздук кызматынын  кызматкеринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең көңүл айтабыз. Сиздердин кайгыңыздар менен тең бөлүшөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айнаш Кенешова
Албетте, адилеттүү сот болсун , мыйзам чегинде өз жазаларын алышсын. Маркумдун үй бүлөөсүнө терең көңүл айтамын , жайы жайлуу болсун ,жерге жаксын.