Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 12:18
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

УКМК Бишкекте 180 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган тергөөчүнү кармады

17.04.2024 13:37
194
УКМК Бишкекте 180 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган тергөөчүнү кармады


Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнин иликтөө кызматынын тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы менен кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында милициянын лейтенанты А.Э.А. 15-апрелде 180 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Аны атайын кызмат Ички иштер министрлигинин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте колго түшүргөн.

Аталган тергөөчү козголгон кылмыш иши боюнча маселени оң чечүү үчүн айыпталуучу жарандан акча талап кылгандыгы аныкталды. Ошол эле учурда опузалап акча талап кылуу айыпталган беренелерди олуттуураак беренелерге кайра классификациялоо коркунучу менен жасалган.

Кармалган тергөөчү КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан КР ИИМ жетекчилиги менен биргеликте укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн