Бугу 13, 2024
Убакыт: 23:39
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

УКМК: Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу фактысы аныкталды

22.02.2024 13:08
254
УКМК: Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу фактысы аныкталды


УКМК Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


"Оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, республиканын аймагында тиешелүү лицензия албастан оюндарды уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынган, бирок ага карабастан, бир топ адамдар Telegram тиркемеси аркылуу маал-маалы менен мыйзамсыз оюндарды уюштуруп, алар үчүн ар кандай мамлекеттик мекемелерден (кафе, оюн-зоок борборлору ж.б.) жайларды ижарага алышкан. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын аймагында тинтүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 48 адам кармалып, алардын арасында мыйзамсыз кумар оюндарынын уюштуруучулары жана катышуучулары да суралган", - деп айтылат маалыматта.


Аталган кылмыштуу топтун уюштуруучусу А.О.Б. аттуу КРнын жараны кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.


Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети КР жарандарына эскертет, КР Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренесине ылайык, «Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу» 3 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу менен кылмыш жоопкерчилигине тартууга алып келет.


Эскертүү: Оюн жабдуулары, оюндагы коюмдарды жана утуштарды түзгөн баалуулуктар, оюндарга катышуунун натыйжасында алынган башка кирешелер белгиленген тартипте камакка алынат жана мамлекеттик кирешеге айландырылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн