Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

УКМК: Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сактоочу жай табылды

29.04.2024 12:53
115
УКМК: Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сактоочу жай табылды


Өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сактоочу жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК баңги каражаттарын жана башка психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн алкагында Бишкек шаарындагы гараж кооперативдеринин биринде КР мыйзамдарында өндүрүүгө жана жайылтууга тыюу салынган "мефедрон" баңгизатынын реагенттери (компоненттери) болгон химиялык заттардын көмүлгөн жайын аныктады.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 300 килограммдан ашык порошок түрүндөгү жана 360 литрге жакын суюктук түрүндөгү химиялык заттар документтештирилип, алынды. Аталган заттардын бири синтетикалык Альфа-Пирролидинопентиофенон (Альфа-ПВП) дарысы болсо, калган заттар "мефедрон" синтетикалык дарысынын реагенттери болуп чыкты.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган каражаттардан 10 кг мефедрон өндүрүлүп, ал 10 миң дозадан ашмак, аны калк арасында сатканда наркы 500 миң АКШ долларын түзмөк.

Учурда баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо менен алектенген адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК баңгизаттарды колдонууга жол берилбестигин, аларды өндүрүп тараткандар мыйзам тарабынан катуу жазаланаарын эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн