Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 02:14
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

УКМК: Чолпон-Ата шаарында түнкү клубдан баңгизаты табылды

06.08.2024 11:59
291
УКМК: Чолпон-Ата шаарында түнкү клубдан баңгизаты табылды


Чолпон-Ата шаарында түнкү клубдан баңгизаты табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-августта атайын кызмат тарабынан баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун имаратында жайгашкан "Сьюзи Вонг" түнкү клубунда 4 даана гашиш баңгизаты табылып алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча аталган баңги каражаты оюн-зоок мекемесине келгендерге таандык.

Мындан тышкары, түнкү клубдун ээлери тарабынан салык мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталып, бул тууралуу тиешелүү акт түзүлдү.

Учурда УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Ысык-Көл облусунун аймагындагы оюн-зоок жайларында эс алып жаткан жаштар арасында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн