Бугу 05, 2024
Убакыт: 00:42
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

УКМК Чолпон-Атадагы "Жетиген" базарынын ээсин кармады. Ал мыйзамсыз акча чогултууга шектелүүдө

25.04.2024 12:43
479
УКМК Чолпон-Атадагы "Жетиген" базарынын ээсин кармады. Ал мыйзамсыз акча чогултууга шектелүүдө


Чолпон-Ата шаарындагы "Жетиген" базарынын — "Курорторг Жетиген" ААКсынын акционери жана ошол эле учурда директору болуп саналган Б.Л.Д. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан "Курортторг Жетиген" ААКнын акционерлери жана жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз финансылык-экономикалык ишмердүүлүк фактылары аныкталды. Тактап айтканда, алар узак убакыт бою алган кирешелеринин реалдуу көлөмүн жашырып келген, ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагында ар кандай долбоорлорду каржылоо шылтоосу менен ишкерлерден мыйзамсыз түрдө акча чогултушкан.

Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык аракеттери менен) каралган кылмышка шектелүүдө.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн