Бугу 04, 2024
Убакыт: 02:21
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

УКМК: Чолпон-Атанын улгайган тургундарынан $6 миң опузалаган эки жаран кармалды

13.02.2024 15:11
352
УКМК: Чолпон-Атанын улгайган тургундарынан $6 миң опузалаган эки жаран кармалды


УКМК тарабынан Чолпон-Ата шаарынын улгайган тургундарынан 6 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатынын бир бөлүгүн алуу учурунда КРнын эки жараны В.А.И. жана Х.Р.Р кармалды.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, кармалгандар КРнын тиешелүү каттоо жана нотариалдык органдарындагы байланыштары аркылуу кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугунан ажыратуу коркунучу менен, кары адамдардан көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын опузалап талап кылышкан.

Кылмышка шектелип кармалгандар Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалган жарандардын алдамчылык аракеттеринен жапа чеккен дагы башка жарандар болсо Каракол шаары, Кутманалиев көчөсү №148 дарегине же, 03922511800555540052 байланыш телефон номерлери аркылуу КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кайрылса болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн