УКМК кызматкерлери Чүй ОИИБдин Жол кайгуул кызматынын башчысы Шаирбек Бопоновду кармады. Бул тууралуу Kaktus.media билдирди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, 25-декабрда ал мамлекеттик комитетке суракка чакырылып, андан соң кармалган. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында.
Азырынча Шаирбек Бопонов кайсы иш боюнча кармалганы белгисиз.
Айрым маалыматтарга таянсак, мындан бир күн мурун ШИИБдин Жол кайгуул кызматынын үч инспектору кармалгандыгын, алар Шаирбек Бопоновго каршы көрсөтмө беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн