Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

УКМК: Дары-дармектердин мыйзамсыз ташылып келүүсүнүн ири партиясына бөгөт коюлду

22.01.2024 13:07
203
УКМК: Дары-дармектердин мыйзамсыз ташылып келүүсүнүн ири партиясына  бөгөт коюлду


УКМК тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын жардамы менен дары-дармектердин мыйзамсыз ташылып келүүсүнүн ири партиясына  бөгөт коюлдуу. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, «Ак-Тилек-унажолу» чек ара тилкесинде жүк ташуучу документтери ишенимсиз «Вольво» үлгүсүндөгү унаа кармалган, анда айыл чарба буюмдарына жамынып, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын салык органдарында каттоого турууга тиешелүү документтери жок, баасы 50 миллион сомдон ашык 450 ящиктен турган кымбат баалуу дары-дармектердин ири партиясы табылган.


Учурда КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн фактыга башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн