Бугу 12, 2024
Убакыт: 05:38
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

УКМК: Депутаттын иниси пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМК: Депутаттын иниси пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 2020-жылдын 29-декабрында 1000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын пара алуу учурунда  Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын бажы тариздөө тобунун башкы инспектору, 1972-жылы туулган К.М.Аны кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


К.М.А. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жүк ташуучу унааларды транзиттик жол менен өткөрүү үчүн жеке ишкерден акча талап кылган.


Кармалган К.М.А. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы.


Учурда тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Тап
КМА дебей толук атын жазсанар.Ким екенин билебиз