Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 23:22
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

УКМК: Директорлордон акча талап кылган Эсептөө палатасынын дагы бир инспектору кармалды

04.04.2024 14:53
82
УКМК: Директорлордон акча талап кылган Эсептөө палатасынын дагы бир инспектору кармалды


Бишкек шаарындагы мектеп жана бала бакчалардын директорлорунан акча талап кылган Эсептөө палатасынын дагы бир мамлекеттик инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин маалымдалгандай, УКМК мамлекеттик бюджеттен каржылануучу Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мектептеринин жана балдар чыгармачылык борборлорунун жетекчилеринен мыйзамсыз акча каражаттарын (пара) алуу боюнча КР Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүндөгү туруктуу коррупциялык схеманы аныктаган.

Алсак, Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук билим берүү башкармалыгына текшерүү жүргүзүүдө КР Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору Ж.К.Н., актыда одоно финансылык мыйзам бузууларды көрсөтүү шылтоосу менен, ошондой эле 28 билим берүү мекемесинин (27 мектеп жана 1 балдар чыгармачылык борбору) 2022-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө кезектеги аудит жүргүзүү аркылуу, опузалап 5400 доллар алган. Өз кезегинде башкармалыктын жетекчилиги инспектордун талаптарын аткаруу максатында окуучулардын санына жараша билим берүү мекемелеринен 18 миң сомдон 27 миң сомго чейин акча каражатын чогултушкан.

Белгилей кетсек, КР Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору өзүнүн мыйзамсыз аракеттери аркылуу билим берүү мекемелеринин жетекчилерин ар кандай жолдор, шылтоолор менен ата-энелерден акча чогултуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлаган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган кылмышты жасоого шектүү катары Эсептөө палатасынын инспектору Ж.К.Н., КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары, УКМК тарабынан Бишкек шаарынын башка райондук билим берүү бөлүмдөрүн жана билим берүү мекемелерин текшерүүдө КР Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

КР УКМК көзөмөлдөөчү функциялары бар мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо, жазуу жүзүндөгү арыз менен же, 0312 660475 ишеним телефону аркылуу байланышса болорун эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн