Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов жана Чүй облусундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Жантай Шаменовдун кармалышы боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, Төрөкулов Ошто 15-январь күнү кармалган.
Биринчи Май райондук соту Төрөкуловду УКМК СИЗОсуна 2 айга жана Жантай Шаменовду УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 2 айга кармоо чечимин чыгарды.
Белгилүү болгондой, Төрөкулов коррупция жана рейдерлик жол менен басып алууга шектелүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн