Бештин айы 18, 2024
Убакыт: 09:37
USD
86.85
87.35
EUR
91.00
92.00
RUB
0.835
0.885

УКМК: Эл аралык мыйзамсыз миграция каналын уюштургандар кармалды

17.12.2024 15:58
43
УКМК: Эл аралык мыйзамсыз миграция каналын уюштургандар кармалды


Эл аралык мыйзамсыз миграция каналын уюштургандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтан маалымдашкандай, миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында чет өлкөлүк жарандар тарабынан жасалма документтерди колдонуу фактылары көбөйдү.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 120дан ашуун Кыргызстандын жасалма электрондук визасы аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн биринин жарандары А.М.З. жана Б.Д. кармалып, алар Кыргызстанга акчалай сыйлык алуу үчүн ишкерлердин кейпин кийип, Бишкек жана Жалал-Абад шаарларынын аймагында мыйзамсыз мигранттардын арасында жасалма документтерди даярдоо жана сатуу каналын уюштурушкан.

УКМК терс кесепеттердин келип чыгышына жол бербөө үчүн чет өлкөлүк жарандарды учурдагы миграциялык мыйзамдарды так сактоого чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн