УКМК Эсеп палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчиси эки инспектору менен кармалышынын чоо-жайын айтып берди.
Атайын кызматтан Эсеп палатасынын түндүк аймагынын жетекчиси К.М.М. аудитордук текшерүүлөрдүн жылдык, кварталдык пландарын даярдоодо жана түзүүдө, текшерүү объектилери боюнча инспекторлорду бөлүштүрүүдө туруктуу коррупциялык схеманы түзгөнүн белгилешти.
Маалым болгондой, белгилүү бир акчалай сыйлык алып инспекторлордун жакындарын максималдуу аярлуу жана финансылык жактан камсыз болгон мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарга жөнөткөн, алар кийин объект жетекчилеринен пара опузалашкан.
Учурда аймактык бөлүмдүн жетекчиси жана эки инспектор УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кошумчаланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн