Бугу 16, 2024
Убакыт: 15:09
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

УКМК: Фейк маалыматтарды тараткан сайт аныкталды

27.03.2020 11:29
1269
УКМК: Фейк маалыматтарды тараткан сайт аныкталды


Фейк маалыматтарды тараткан сайт аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 


Маалыматка ылайык, УКМК коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюу жана алдын алуу максатында Интернет мейкининдеги мониторинг жана анализ иштерин жүргүзгөн. Анын натыйжасында 2020-жылдын 25-мартында чындыкка дал келбеген маалыматтарды жарыялап тараткан «The Asia Times» маалыматтык сайты аныкталган.


Аталган сайт «Кыргызстанда эки адам коронавирустан каза болду» делген аталыштагы жалган маалыматты таркаткан.


Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 344-беренеси (Билип туруп жалган маалымат таратуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн