Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 19:52
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

УКМК: ИИМдин кызматкери пара талап кылуу фактысы менен кармалды

УКМК: ИИМдин кызматкери пара талап кылуу фактысы менен кармалды

2021-жылдын 7-февралында КР УКМК ККК жана КР ИИМ ИИК менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, Чүй облусунан акча каражатын алып жаткан учурунда Москва райондук РИББ өзгөчө иштер боюнча улук тергөөчүсү Ж.Э.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын  басма сөз кызматы маалымдады.


Такталгандай, кармалган адам сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгаруу үчүн жарандан акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.


Кармалган Ж.Э.А. кызматтук бөлмөсүн тинтүүнүн жыйыгтыгында мурун пара катары алынган каражаттын бир бөлүгү табылып алынды.


Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылу кармоочу жайына киргизилди.

Терөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн