Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 15:42
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

УКМК: Ири суммадагы жасалма акча алып жүргөн жаран кармалды

УКМК: Ири суммадагы жасалма акча алып жүргөн жаран кармалды

КР кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгү (акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки териштирүүнүн жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоо багытындагы ыкчам иш чаралардын алкагында 2020-жылдын 14-декабрында Бишкек шаарында 1969 ж.т. КР жараны «К.У.» кармалды. Анын жанынан ири суммадагы жасалма АКШ долларлары табылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады. 


Маалыматка ылайык, табылган чет элдик жасалма валюталары жогорку сапатта болгон жана атайын таркатуу максатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн биринде даярдалган.


Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн