Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:57
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

УКМК: Ишкерди коркутуп мүлкүнө ээ болгусу келген УКТнын мүчөлөрү кармалды

УКМК: Ишкерди коркутуп мүлкүнө ээ болгусу келген УКТнын мүчөлөрү кармалды

2020-жылдын 25-ноябрында УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иштерин аныктоого жана бөгөт коюуга, ошондой эле кылмыштуу элементтердин өлкөдөгү кырдаалга таасиринин алдын алууга багытталган жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1988-жылы туулган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү Э.Т. жана 1988-жылы туулган Э.К., аттуу жарандарды кармашкан.

Кармалган жарандар 2020-жылдын сентябрь айында жеке ишкерден Бишкек шаарындагы соода-базар комплекстеринин биринде жайгашкан соода түйүнүн өткөрүп берүүнү талап кылып, физикалык күч менен коркутушкан.


Ошол эле учурда, көрсөтүлгөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү өздөрүнүн кылмыштуу пландарын жана коркутууларын ишке ашыруу үчүн, ишкерди Бишкектин четине алып кетишкен.

Бул факт боюнча, сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыштардын негиздери боюнча бирдиктүү реестрге катталды.


Кармалгандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды табуу жана издөө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун ишин жокко чыгаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн