Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:08
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК: Ысык-Көл областынан майнинг-ферманын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду (видео)

02.06.2021 10:26
901
УКМК: Ысык-Көл областынан майнинг-ферманын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду (видео)



2021-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, ошондой эле республикада электр энергиясынын жетишсиздигин эске алуу менен, Ысык-Көл облусундагы майнинг-фермасынын (криптовалюта өндүрүшүнүн) Кыргыз Республикасынын электр тармактарына ири зыян келтирдиги боюнча мыйзамсыз иши аныкталып жана ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


       "Курментицемент" ААК Цемент заводунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, чет элдик жарандарга таандык ири майнинг-фермасынын ишмердүүлүгү аныкталды.


Алдын ала маалыматтар боюнча, "Күрмөнтцемент" ААК майнинг-фермасынын ишмердүүлүгүн электр жана суу менен камсыздоону мыйзамсыз жүргүзүп келген.


Бул факт улуттук коопсуздук органынын сотко чейинки өндүрүштүк материалдарына КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кылмыш ишинин алкагында майнинг-фермасынын ишмердүүлүгү боюнча 2000 жакын жабдуу алынды.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо иштери улантылууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн