Баш оона 25, 2025
Убакыт: 00:49
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

УКМК: Ысык-Көлдөгү базарлардын ижара акысы 20 пайызга чейин арзандады

18.12.2023 16:54
442
УКМК: Ысык-Көлдөгү базарлардын ижара акысы 20 пайызга чейин арзандады


УКМК Ысык-Көл облусунун ири соода-базар комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүп, соода жайларынын ижара акысын 20 пайызга чейин төмөндөтүү макулдашылды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.


Ижара акысы арзандай турган базарлар, соода жайлары:

- "Ак-Тилек плюс" соода жайы (Каракол шаарындагы азык-түлүк базары), А.Бараковго катталган;

- "Ак-Тилек" (Каракол шаарындагы кийим-кече, эт азыктары жана кургатылган жемиштерди саткан базар), Д.Исаевге катталган;

- "Бугу" жана "Макиш" (Каракол шаарындагы жашылча базары, алтын зер буюмдары жана кийим-кече базары); А.Рыскуловго катталган;

- "Ак-Тилек+5" (Каракол шаарындагы кийим-кече базары) Б.Өскөнбаевге катталган;

- "Ак-Тилек+2" СБКсы (Каракол шаарындагы азык-түлүк базары), Т.Сакеевге катталган.


Облустагы базар ээлери соода кылган жөнөкөй жарандарга шарт түзүп берип, базарлардын инфраструктурасын жакшыртып жатканы кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн