Аяк оона 14, 2024
Убакыт: 11:33
USD
84.40
84.90
EUR
93.00
94.00
RUB
0.920
0.955

УКМК: Издөөдөгү УКТ лидери Салимбай Абдувалиевдин тарапташы кармалды

29.08.2024 10:30
252
УКМК: Издөөдөгү УКТ лидери Салимбай Абдувалиевдин тарапташы кармалды


Издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун лидери Салимбай Абдувалиевдин (Салим-бойвоча) тарапташы Кыргызстандын жараны М.М.М. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат өлкөдө уюшкан топтор менен күрөшүү, аларды каржылоо, ошондой эле кылмыштуулукка тиешеси бар адамдардын ишмердүүлүнө бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

УКМК тарабынан "Кылмыштардын бириктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык тутумунун электрондук маалыматтык журналына катталган материалдын негизинде 1956-жылы туулган Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарыныны тургуну М.М.М. аттуу КР жараны кармалды.

Кармалган жаран УКМК органдары тарабынан буга чейин издөө жарыяланган Өзбекстан өлкөсүндөгү уюшкан кылмыштуу топтун лидери Салим Абдувалиев (каймана аты Салим-бойвоча) менен жана буга чейинки КР УКМК тарабынан кармалган 1978-жылы туулган З.Э.Т. менен биргеликте Ташкент шаарында жолугуусу маалым болгон (сурөтү такталган).

Жүргүзүлгөн тиешелүү тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, кармалган жаран УКТнын идеалогиясынан баш тартып, КР мыйзамдарына баш ийүүсүн билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн