Бугу 21, 2024
Убакыт: 14:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

УКМК: КРСУнун экс-ректорунун тушунда 500 млн зыян келтирилген

30.04.2024 16:33
269
УКМК: КРСУнун экс-ректорунун тушунда 500 млн зыян келтирилген


Кыргыз-Россия Славян университетинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча материалдар УКМКга өткөрүп берилгенин окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.


"Кыргызстандын жана Россиянын эсеп палаталары тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөр КРСУнун мурдагы ректору Владимир Нифадьевдин жетекчилигинде бир топ мыйзам бузуулар болгонун аныктады жана аудит бардык багыттар боюнча жүргүзүлүп, 2020-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилди камтыды", — деп айтылат маалыматта.


Аудиттин жүрүшүндө интеллектуалдык менчикти уурдоо жана көп жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын жеке бизнеске өткөрүп берүү фактылары аныкталганы белгиленди. КРСУнун мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында жалпысынан 500 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.


"Мурдагы жетекчилик бир нече жылдар бою ЖОЖдун кызматкерлеринин эмгек акысын аныктоо жаатындагы мыйзамдарды одоно бузуп, студенттердин санын да көбөйтүп келген. Бул каржылык мыйзам бузуулар деңиздеги айсберг гана", — деди маалымат кызматы.


Мамлекеттик каражатты ыксыз пайдалануу да катталган. Мында жасалма гранттардан баштап, курулуш иштерине чейин мыйзам бузуулар бар. Университеттин мүлкүн үчүнчү жактарга өткөрүп берүү фактылары да аныкталган. КРСУ жалпы аянты 221,2 чарчы метр болгон стоматологиялык борборду жана 18 миллион 790,5 миң сомдук жабдууларды биргелешип иштөө келишиминин шарттарына ылайык ижара акысын албастан өткөрүп берген. Бирок бул келишим университет үчүн пайдасыз болуп, зыян келтиргени белгиленди.


"Мыйзам бузууларга Россия менен Кыргызстандын негиздөөчүлөрүнүн реакциясын белгилей кетүү керек. Келтирилген зыянды жаап-жашырбастан эки өлкө тең чечкиндүү кадамдарга барды. Алар жагдайга объективдүү баа берүү үчүн ишти көз карандысыз аудиторлорго жана Эсеп палатасына тапшырышты. Бардык топтолгон материалдар андан ары тергөө үчүн УКМКга өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.


КРСУнун комплекстүү коопсуздук боюнча проректору Иван Колпаков университеттин жетекчилиги келечекте мындай мыйзам бузууларды болтурбоо үчүн олуттуу чараларды көргөнүн билдирди.


"Финансылык операциялар катуу көзөмөлдөнүп, кызматкерлерди дайындоо жана эмгек акы төлөө процесстери каралып чыкты. Учурда айыптууларды аныктоо боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө", — деди проректор.


Белгиленгендей, 2023-жылдын сентябрынан тартып КРСУну модернизациялоого Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинен жөнөтүлгөн жаңы жетекчилердин командасы ички аудит жана башкаруу маданиятын өзгөртүү боюнча бир топ иштерди аткарышкан. Ошону менен бирге мурунку жетекчилердин ак ниетсиз аракеттеринен улам университетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлүүдө.


"Бүгүнкү күндө КРСУ өзгөрүп, студенттердин, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына көңүл буруп, башкаруудагы айкындуулуктун жана эффективдүүлүктүн үлгүсүнө айланууда. Уюштуруучулардын ачыктыгы жана чечкиндүү аракеттери чыр-чатакты алдын алууга жардам берип, жаңы жамаатка билим жана илимдин кызыкчылыгында тынч иштөөгө мүмкүнчүлүк түздү", — дешти окуу жайдан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн