Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:13
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК: К.Жумакунов кайрадан кармалды

УКМК: К.Жумакунов  кайрадан кармалды

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишмердүүлүгүндө жогорулатылган баада биологиялык продуктуларды жана вакциналарды мамлекеттик сатып алууну уюштурууда, ошондой эле кол алдындагы кызматкерлерден акча каражаттарын системалуу чогултууда кезектеги коррупциялык схемалардын бетин ачты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


УКМКнын маалыматы боюнча, Мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумакановдун жетекчилиги астында, 2017-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде, жалпы 90 млн сомго ветеринардык дары-дармектерди жеткирүү боюнча мамлекет үчүн атайын пайдасыз келишимдер түзүлгөн.


Квалификациялык талаптарга жооп бербеген жана милдеттүү сынаксыз адамдардын жетекчилик кызмат ордуна мыйзамсыз дайындоо фактылары аныкталды. Тергөө иштеринин натыйжасында Мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринен К.Жумаканов тарабынан жалпы суммасы 600 миң сомдон ашык суммадагы сыйлык акыларды берип жатканда, акча талап кылуу боюнча системалуу түрдө акча талап кылуу фактылары аныкталды.


Эске салсак буга чейин УКМК кызматкерлери Жумакуновду ноябрь айында кармаган. Сот ден соолугуна байланыштуу  аны үй камагына чыгарган.


Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Жумакунов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн