Бештин айы 11, 2024
Убакыт: 11:29
USD
86.65
87.15
EUR
91.20
92.20
RUB
0.845
0.900

УКМК Камчыбек Ташиевге жашыруун катты жазган жаран кармалганын билдирди

25.11.2024 11:21
122
УКМК Камчыбек Ташиевге жашыруун катты жазган жаран кармалганын билдирди


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге багытталган жашыруун кат жазган жаран кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, Камчыбек Ташиевдин дарегине түшкөн жашыруун катка байланыштуу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык ведомстволор аралык тергөө-оперативдүү тобу түзүлгөн.

Текшерүүнүн алкагында, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан адамды же анын жакындарын өлтүрүүгө даярдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралардын натыйжасында мурда эки жолу соттолгон, аскердик учкуч билими бар, кийин ооган чек арасында чектелген аскердик контингенттин курамында кызмат өтөп, аскердик тажрыйба жана конспирация көндүмдөрүнө ээ болгон “Ж.А.С.” аттуу Кыргызстандын жараны аныкталды. Ошол эле учурда 1994-жылдан тартып ал Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөн.

Такталгандай, тергөө-оперативдүү тобу тарабынан анын жогоруда аталган анонимдүү коркутуу каттын автору экендиги аныкталды.

“Тергөөнүн жүрүшүндө анын узак убакыт бою жогоруда белгиленген акцияга даярдык көрүү жана өзгөчө оор кылмыш жасоого катыштыгын жашыруу үчүн атайын шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды пландаштырганы аныкталды. Алсак, ал коркутуу максатында Камчыбек Ташиевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн дарегине киши өлтүрүү коркунучу бар электрондук форматтагы анонимдүү катты даярдап, андан соң ал катты флеш-картага жазып конвертке салып жиберген”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Ж.А.С. өздүк маалыматтарын жашыруун сактоо максатында, белгилүү жашаган жери жок Б. М. М. аттуу адамды ишке тарткан. Ал азык-түлүк түрүндөгү сый акы үчүн, жашыруун катты камтыган конвертти УКМКнын Коомдук кабылдамасына жеткирген. Ж.А.С. кармалып, ага жогорудагы кылмыш боюнча айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынды. Кылмыш ишинин алкагында коркутуулар жазылган жашыруун кат даярдалып жаткан компьютерлер, конвертке мөөр басылган сүргүчтүн үлгүлөрү алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана аны жасоонун себептерин аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Мындан тышкары, өлкөдө коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көздөгөн чет мамлекеттердин атайын кызматтарына жана деструктивдүү күчтөргө Ж.А.С. тиешеси бар экендиги аныкталды, алардын чоо-жайы тергөөнүн тартибине ылайык сыр бойдон сакталарын УКМКдан белгилешти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн