Бугу 12, 2024
Убакыт: 19:34
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

УКМК: Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев салык төлөөдөн качуу жана алдамчылыкка шектелип кармалды

22.02.2024 14:27
294
УКМК: Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев салык төлөөдөн качуу жана алдамчылыкка шектелип кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Беш-Сары” ишканасынын негиздөөчүсү, парламенттин мурдагы депутаты салык төлөөдөн качуу жана алдамчылыкка шектелип кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын кабарлашынча, Камчыбек Жолдошбаев негиздеген “Беш-Сары” компаниясы көп жылдардан бери кош бухгалтердик эсепке алуу иштерин жүргүзүп келгени аныкталган. УКМК мындан сырткары документтеринде соода жайлары үчүн алынган пайда жасалма түрдө төмөндөтүлүп, салык органдарына жалган маалыматтарды берип келген деп билдирди.

“Иш жүзүндө ижарачы "Беш Сары" ЖЧКнын администрациясына бир соода түйүнү үчүн 16 100 сом төлөйт, бирок келишим боюнча төмөндөтүлгөн сумма – 9600 сом деп көрсөтүлүп турат, андан сырткары фискалдык органдар үчүн отчеттук документтерде – 4800 сом башка сумма көрсөтүлгөн, башкача айтканда алынган пайданы төмөндөтүү 280% жакынды түзөт”, - деп айылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Учурда Жолдошбаев атайын кызматтын тергөө абагына камалды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Камчыбек Жолдошбаев “Беш-Сары” компаниясынын негиздөөчүсү жана кожоюну катары белгилүү. Ал парламенттин 6-чакырылышынын депутаты болгон. Жолдошбаев парламенттеги талкуу жараткан билдирүүлөрү менен белгилүү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн