Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:29
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК Кара-Кечеде "Альфа" кызматкерлери менен айдоочулардын ортосунда чыккан жаңжал боюнча түшүндүрмө берди

23.12.2021 13:44
425
УКМК Кара-Кечеде "Альфа" кызматкерлери менен айдоочулардын ортосунда чыккан жаңжал боюнча түшүндүрмө берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Кара-Кечеде көмүр ташыган айдоочулар менен кенди кайтарган атайын даярдыктагы "Альфа" бөлүмүнүн кызматкерлеринин ортосунда чыккан чыр боюнча үн катты.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 22-декабрында Жумгал районунда орун алган “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече көмүр филиалынан көмүр алуу кезегин күтүп жаткан айдоочулар арасында чагымчыл адамдардын иш аракеттеринин натыйжасында келишпестиктер болуп, КР УКМК “Атайын кызматтын” кызматкерлери айдоочулар ортосунда болгон жаңжалды жөнгө салган.


"Ошол эле күнү жергиликтүү бийлик жана күч органдары тарабынан айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүү учурунда, айдоочулар “Атайын кызматтын” кызматкерлеринин коопсуздукту сактоо ишин улантышын суранышты", - деп айтылат маалыматта.


Учурда абал туруктуу, Кара-Кечеде көмүр алуу иштери жүрүүдө, азыркы тапта бул иш боюнча укук коргоо органдары жеринде иштеп жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн