Бугу 09, 2024
Убакыт: 10:30
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

УКМК: Каракол шаарында үч базардын кожоюндарынын бири кармалды

27.04.2024 16:01
487
УКМК: Каракол шаарында үч базардын кожоюндарынын бири кармалды


"Мега мол", "Ордо" соода комплекстеринин жана "Ак-Тилек+" базарынын бир бөлүгүнүн ээлери тарабынан алдамчылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК Каракол шаарындагы "Мега мол", "Ордо" соода комплекстеринин жана "Ак-Тилек+" базарынын бир бөлүгүнүн ээлери тарабынан алдамчылык фактыларын аныктады. Аталган тараптар мурда айрым соода түйүндөрүн жана дүкөндөрдү жарандарга техникалык паспорт бербестен сатышкан. Ошол эле учурда, соода комплекстеринин ээлери коммерциялык объекттерге укук белгилөөчү документтердин ордуна ишкерлер менен 10 жылдык мөөнөткө жайларды ижаралоо келишимдерине гана кол коюшкан.

Андан тышкары, ишкерлер өз каражаттарынын эсебинен аталган соода борборлорунда сатып алынган коммерциялык жайларды оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшүп, ай сайын 2500 сомдон 15 миң сомго чейинки өлчөмдө ижара акысын төлөөгө аргасыз болушкан.

Чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында "Ордо" жана "Мега мол" соода комплекстеринин ээлери О.А.Э. жана О.Э.А. тинтүүгө алынып, жыйынтыгында алардын алдамчылык аракеттерин тастыктаган документтер табылган.

КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык жогоруда аталган О.А.Э. кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн