Бугу 05, 2024
Убакыт: 23:07
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

УКМК Караколдогу чек ара бөлүгүндөгү мыйзам бузуулар боюнча текшерүү жүргүздү

08.02.2024 11:05
372
УКМК Караколдогу чек ара бөлүгүндөгү мыйзам бузуулар боюнча текшерүү жүргүздү


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) социалдык тармактарга жарыяланган Каракол шаарындагы чек ара бөлүгүндөгү мыйзам бузуулар боюнча УКМКнын Чек ара кызматынын 2028-аскер бөлүгүнүн кызматкери Ж.Асанакунованын кайрылуусуна ылайык текшерүү жүргүзгөн.

Ведомствонун маалыматына караганда, буга чейин ушундай эле арызды аскер кызматкери Ж.Асанакунова КР УКМКга кат жүзүндө берген.

Бул билдирүүнүн негизинде УКМКнын тиешелүү органдары Аскер прокуратурасы менен биргеликте тыкыр текшерүү жүргүзгөн, жыйынтыгында Ж.Асанакунованын маалыматы тастыкталган эмес.

Ошол эле учурда, ушул жылдын 6-февралында коомдук тармактарда жарыялаган кайрылуу боюнча, Республикалык Жоокерлердин энелери комитетинин башчысы У.Ж.Байгубатованын жетектөөсүндө, КР Аскердик прокуратурасынын жана УКМКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда кошумча комплекстүү текшерүү жүргүзүлдү.

Документалдуу материалдар изилденип, кызыкдар тараптар менен маектешүү жүргүзүлүп, тиешелүү жайлар текшерилип, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсү, тамак-ашы, жашоо шарттары, эс алуу шарттары ошондой эле тамак-ашты сактоо, тамак-аш даярдоо жайлары, тиешелүү санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоолору текшерилди.

Жеринде жүргүзүлгөн комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы менен аскер кызматкери Ж.Асанакунованын маалыматы тастыкталган жок.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн