Теке 09, 2025
Убакыт: 11:04
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.110
1.135

УКМК: Караколдогу "Ак-Тилек" базары мамлекетке кайтарылды

27.05.2024 14:35
248
УКМК: Караколдогу "Ак-Тилек" базары мамлекетке кайтарылды


"Ак-Тилек" кооперативинин каржылык-экономикалык ишмердигинде өзгөчө ири өлчөмдөгү мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" кооперативинин жетекчилиги тарабынан финансылык-экономикалык ишмердүүлүктө бир топ мыйзам бузуулар жана өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык аракеттери аныкталды. 

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында УКМК тарабынан "Ак-Тилек" соода-базар комплексинин жетекчилигинин кеңсесинде жана үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, алардын мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган документалдык материалдар табылды.

Жыйынтыгында, "Ак-Тилек" кооперативинин жетекчилиги өз ыктыяры менен аянты 29 119,6 м2, баасы 700 млн сомдон ашкан "Ак-Тилек" базарын КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн