Казакстандагы башаламандыкта 2 кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, УКМК, Тышкы иштер министрлиги жана Ички иштер министрлиги Казакстандагы кесиптештери менен кармалган жарандардын өздүгүн тастыктоодо тыгыз иштешип жатат.
УКМКнын маалыматына таянсак, Казакстанда эки кыргыз жараны каза болуп, 5 жаран кармалган.
Казакстанда кармалган кыргыз жарандарына Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдары тарабынан ар түрдүү колдоо көрсөтүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн