Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:25
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

УКМК: Кечирим сураган видеосу тараган дарыгерге тиешебиз жок

14.04.2020 10:20
915
УКМК: Кечирим сураган видеосу тараган дарыгерге тиешебиз жок


Кечирим сураган видеосу тараган дарыгерге УКМКнын тишеси жок. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.   


Маалыматка ылайык, коронавирустун тегерегинде, айрымдар такталбаган маалыматтарды таратып, жеңил пиар кылуу аракетин көрүп жаткандыктан УКМК териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Алардын арасында айрым учурда дарыгерлер да чыгууда. УКМК алар менен болгону түшүндүрүүү иштерин жүргүзүп кийин коё берип жатат.


"УКМК Ысык-Ата үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Бектур Апышевдин катышуусу менен кандайдыр бир иш-чара өткөзүлбөгөндүгүн жана анын катышуусу менен таратылган видеого эч кандай тиешеси жок экендигин билдирет. Жарандардан маалыматтарды расмий булактардан алып, кандайдыр бир билдирүү таратканда так болууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.  


Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Аталык дарыгер туура эмес маалыматтарда таратканы үчүн элден кечирим сураган видеосу тараган. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн