Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 22:13
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

УКМК: Кыргызстанда теракт уюштурууга шектелип эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

УКМК: Кыргызстанда теракт уюштурууга шектелип эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

2020-жылдын 31-декабрында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коңшу мамлекеттердин биринин атайын кызматтары менен биргеликте жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында Кыргызстандын аймагында террордук актынын алдын алууга мүмкүн болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.



Маалыматка ылайык, сотко чейинки процесстин алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренеси (Терроризм актысы) боюнча Кылмыштардын жана жоруктарын бирдиктүү реестрине  катталган, Ош облусунун 1998-жылы туулган жараны Ж.С. кармалды. 

Ал эл аралык террористтик уюмдун  мүчөсү экендиги аныкталды жана кылмышкерлердин көрсөтмөсү боюнча, аймактагы аскер бөлүктөрүнүн биринде террордук акт жасоо үчүн колдо жасалган жардыргыч зат менен кармалган.



Тинтүү учурунда УКМКнын маалыматы боюнча, кармалган адамдын жашаган жеринен камуфляж формасынын топтому,  жилет, аскер бут кийими, дүрбү, маки жана чет тилиндеги баракчалар табылган.


Кармалган адам УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Учурда тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн