Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 05:34
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

УКМК “Кыргызжылуулукэнерго” ишканасынын мамлекетке 33 млн сомдой зыян келтиргенин аныктады

27.01.2022 14:54
969
УКМК “Кыргызжылуулукэнерго” ишканасынын мамлекетке 33 млн сомдой зыян келтиргенин аныктады

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын Чүй облусундагы филиалынын биринин кызмат адамдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр аныкталды.


УКМКдан кабарлашкандай, от казандардын бирин реконструкциялоо иштеринин сметасы ашыкча бааланып, мазуттун керектөө нормасы жогорулатылганы жана мыйзам бузууларга жол берилгени аныкталды.


Тиешелүү аудитордук комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгында бюджеттик каражаттарды көмүскө жүгүртүүгө чыгаруунун туруктуу мыйзамсыз схемалары тастыкталып, анын кесепетинен мамлекетке 32,9 миллион сом зыян келтирилген.


Учурда иштин бардык жагдайларын тактоого, аныкталган коррупциялык схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын, ошондой эле бюджеттик каражаттарды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн