Бугу 14, 2024
Убакыт: 17:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

УКМК Кытайдан поезд менен келген товарларды түшүрбөй жатат

09.02.2021 18:59
979
УКМК Кытайдан поезд менен келген товарларды түшүрбөй жатат

 Кытайдан темир жол аркылуу  келген 47 контейнер товарды «Дордой» базарына түшүрүүгө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери уруксат бербей жатат. Бул тууралуу  «Дордой» соода-рынок комплексинин профсоюз комитетинин төрагасы Дамира Дөөлөталиева жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.


Анын айтымында, келген жүктөрдүн баары кыргызстандык ишкерлерге таандык. УКМК кызматкерлери жүктөрдү текшерүүгө аларын айтышып, вагондорду ачууга каршылык көрсөтүп жатышат.

"Кытай тарап менен «Милан» деген компания сүйлөшүп, 1000 вагон сураган экен. Алар болгону 100 вагонго гана уруксат бериптир. Бирок Кыргызстанга келгенден кийин УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жүктөрдү текшеребиз деп, вагондон түшүрбөй жатат",- деди Дөөлөталиева.


Эскерте кетсек, 8-февралда «Аламүдүн» станциясына Кытайдын Үрүмчү шаарынан 47 контейнерге жүктөлгөн товар келген. Аны тосуп алууга вице-премьер-министр Артём Новиков да катышкан. Анда Новиков бул жүктөр кыргызстандык ишкерлерге таандык экендигин айтып, акыркы 3 ай ичинде президент Садыр Жапаровдун өкмөт башчы кезиндеги тапшырмасына ылайык, жүк ташуудагы көлөмдү көбөйтүү боюнча Кытай тарап менен сүйлөшүү жүргөнүн белгилеген.

УКМК бул текшерүү боюнча маалымат бере элек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн