Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:39
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

УКМК Кой-Таш окуясында жоголгон курал-жарактарды тапты

14.04.2021 21:00
779
УКМК Кой-Таш окуясында жоголгон курал-жарактарды тапты

Кыргыз Республикасынын УКМК жана «Альфа» атайын кызматы менен биргеликте, 2010-жылдагы апрель окуялары жана 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары учурунда жоголгон курал-жарактар боюнча ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында, Чүй облусунан курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды.


Бекитилген жерден, АК-47 Калашников автоматынын 2 магазини, 5.45- 59 даана ок-дарылар жана РПГ-26 «Аглень» гранатомету табылып алынды, булар мурда Кыргыз Республикасынын күч бөлүмдөрүнүн биринин балансында болушу мүмкүн.


Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак жана ок-дарылар тоноочулукка тиешеси бар кылмышкерлерге таандык болушу ыктымал.


Учурда УКМК тарабынан куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн